super.kg logo

ЖЭБ соту: Мамлекеттик айыптоочу Свердлов райондук соту айыпталуучуларга карата жумшак өкүм чыгарганын айтты

 

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.

Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Отурумдун башында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов судьядан Исаков жарыш сөзгө акыркылардан болуп чыгуусун өтүнгөн. Судья Ирина Воронцова жарыш сөз жактоочулардын апелляциялык даттанууларын берүү тартиби боюнча жүргүзүлөрүн айтты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыкты.

Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциядагы сот ЖЭБ иши боюнча негизги фигуранттарга, тагыраагы, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевге карата жумшак өкүм чыгарганын белгилеп өттү.

"Свердлов райондук сотунда иш каралып жатканда мамлекеттик айыптоочулар Айбек Калиевге 17 жыл, ал эми Жантөрө Сатыбалдиевге 11 жыл эркинен ажыратууну суранышкан. Бирок жыйынтыгында аларга прокурорлор сурангандан азыраак мөөнөт берилген", - дейт Эрнест Асакеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.03.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле сот өтө эле гумандуу чечим чыгарганына шүгүр кылбайбы?
11.03.2020. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Күнөөлөрүн далилдебей эле соттоп жибердиңер менимче саясий эле куугунтук болуп жатат.Күнөлү болушса ачык телевидение аркылуу түз эфирде көрсөтүп соттобойсуңарбы ошондо эл арасында күмөндүү ойлор жаралмак эмес.
Jelezo түзөттү 2020-03-11 11:46:33
11.03.2020. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, Күнөөлүүлөр эмне айтпайт ачык айтпайбы акча кайда кеткенин! Саясий куугунтук деп шылтоо кылбай? Ал жакта отуруп алып билдирүү таратып отурушат күнөөбүз жок макул жок болсун! Каражат кайда коротулду ачык айтыш керек эле а булардын күнөөсү бар үчүн ачык айтышпай же камалуусун калашпайт саясий куугунтук деп шылтоо кылып эркелеп жүрүшөт! Жумшак мыйзамды пайдаланып!
Samatalibei түзөттү 2020-03-11 12:46:35
11.03.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samatalibei, күнөөсүн тергөөчүлөр такташ керек акчаны качан кимден алып каяка катып койгонун оозеки урдады дегенге эч ким ишенбейт, президент айтып жатат го факты керек деп.
11.03.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
111 млн долларды уурдагандарды эркиндике чыгарыпкойгула алар таза адамдар деев эле
chake түзөттү 2020-03-11 12:44:40
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: