7-марттан бери дайынсыз болууда. Бишкекте 20 жаштагы Таласбек кызы Гүлбурак изделүүдө
Бишкекте 20 жаштагы Таласбек кызы Гүлбурак дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 7-мартта саат 14:00 чамасында жумуштан чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-мартта Свердлов РИИБине М.Э. аттуу жаран кайрылып, эжеси Таласбек кызы Гүлбуракты издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Учурда дайынсыз болуп изделип жаткан кыздын жүргөн жери белгисиз болууда.
Таласбек кызы Гүлбурактын бою 158-160 сантиметр, чачтары күрөң, арык. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: сары түстөгү кышкы күрмө, кара шым, бутунда ак түстөгү спорттук бут кийим.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо же анын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо, милиция кызматкерлерине кабарлап коюңуздарды Свердлов РИИБи өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(553) 102-387, 0(703) 222-622, 0(702) 498-888, 0(772) 847-336 же 102.





1 |