"Ак шумкарлардын" чабуулчусу Виталий Люкс жаңы клубундагы алгачкы голун жаратып, беттештин мыкты оюнчусу аталды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын чабуулчусу 31 жаштагы Виталий Люкс "Түркспор" клубундагы алгачкы голун жаратты. Бул тууралуу аталган турнирдин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Германия чемпиондугунун футбол сүйүүчүлөр лигасынын (Ландеслига) 18-турунун алкагында, "Түркспор" командасы конокто "Оберенсинген" командасы менен кез келген. Виталий Люкс бул оюнга негизги курамда чыгып, оюндун 68-мүнөтүндө гол жараткан. Беттеш 2:2 болуп, тең чыгуу менен аяктады. Виталий Люкстун бул голу жаңы клубундагы расмий оюндардагы алгачкы голу болду жана Люкс бул оюндун мыкты оюнчусу аталды.
Виталий Люкстун "Түркспор" командасы Ландеслигада 18 оюнда 33 упай чогултуп, турнирдин сап башында келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
5

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.