super.kg logo

ЖЭБ соту. "Биздин камакта отуруу мөөнөтүбүз аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкканбыз" дейт Жолдошбек Назаров

 

Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.

Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыккан.

Асакеев Свердлов райондук соту ЖЭБ иши боюнча айыпталуучуларга жеңил жаза берген жана Бишкек шаардык сотунан кошумча жаза катары иш боюнча өтүп жаткандарга карата үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктардан жана чиндерден ажыратуу, белгилүү мөөнөткө чейин мамлекеттик органдарда жетекчилик кызмат аркалоого тыюу жазаларын колдонууну суранган. Буга башка мамлекеттик айыптоочу жана аскердик прокурор дагы кошуларын билдиришти.

Мамлекеттик айыптоочулардан кийин жарыш сөзгө "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров чыкты. Ал өз сөзүндө биринчи инстанцияда айыпталуучуларга карата жаза жеңил берилген деген негиз менен макул эместигин билдирди.

"Биздин камакта отуруу мөөнөтүбүз аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкканбыз. Ал эми үй-мүлкккө болгон арест алына элек. Андыктан прокурордун айтканы негизсиз деп ойлойм. Мамлекеттик сыйлыктарыма токтолсок, мен ал сыйлыктарды Аскар Акаев президент болуп турган учурда алгам", - деди Назаров.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго карата кошумча жаза катары мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну суранган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.03.2020. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапар сары 111 млн долларды каяка каткансын?
11.03.2020. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уурдаган акчаларды төлөп эселеп кустуруг керек бул жепжутарларга
11.03.2020. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алмаз Атамбаевдин тушунда курулгандардын, оңдолуп-түздөлгөндөрдүн бардыгында коррупциялык көрүнүштөр болгондугу азыр ачыкка чыгууда. ушуларды жасаган адамдар га аэмес ошолорду кормоксон болуп койгон бийлик башындагы Атамбаевда жооп берсин.
robot111 түзөттү 2020-03-11 17:35:07
11.03.2020. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иш болгон жерде кемчилик болот, мына эки жылдан бери эч кандай көзгө көрүнүктүү эл үчүн иштер болгон жок бирок коррупция гүлдөп өнүгүп эле жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: