super.kg logo

Ысык-Көлдө мас абалында 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалып, 2 айга камакка алынды

 

Ысык-Көлдө 51 жаштагы жаран мас абалында 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган. Окуя 5-мартта болжол менен саат 14:00дө Кашат айылында орун алганын Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.

"Кашат айылынын 51 жаштагы тургуну мас абалында кошунасынын үйүнө келип, 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул учурда кыздын атасы көрүп калып, аны токтоткон. Айыл тургундары зордуктоого аракет кылган жаранды таш бараңга алып баштаганда айыл аксакалдары токтотуп калышкан.

7-мартта өспүрүмдүн апасы укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-161-беренелери (зордуктоого аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - дейт маалымат катчы.

Ысык-Көл райондук соту тарабынан кармалган жаран 2 айга камакка алынып, Каракол шаардык СИЗОсуна киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.03.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милиция келгиче копчулук таш баранга алып олтуруш керек эле
11.03.2020. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундайларга башты оорутуп эмне кереги бар! Катуу чара колдонгула! Жумшак мыйзамдын айынан ушул көрүнүш болуп жатат!
11.03.2020. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогондорго өлүм жазасын киргизиш керек да..Мындай(адам дешке оозуң барбайт)иттерге өлүм..Эмне ичип алса эле кыздарга асылыш керекпи өзүнүн ошондой неберелери бардыр..булар псих.оорулуу.кантип тирүү жүрөсүң асынып ал да
11.03.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотобуз деп ушундайлар үчүн чыгып атышат да, аны түшүнбөй анан каяктагы ЛГБТ ны кошуп алышат, экөө асман менен жердей айырмасы, түшүнүп, катуу мыйзам киргизиш керек, качанга чейин аялдар коомдо запкы жеш керек, чоңунан кичинесине чейин!
Aikaaaa түзөттү 2020-03-11 20:09:27
11.03.2020. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тек коюш керек эле ташбаранга алып олтурсо,башкасына сабак болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: