Вице-спикер айыл чарба министринин орун басарына: "Сизден көп ката кетип жүрөт"
Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасап жатканда саркынды суу деген сөз менен ыплас суу деген сөздү алмаштырып алды.
Анда вице-спикер Мирлан Бакиров ыплас суу, саркынды суу деген сөздүн маанисин сурады. "Баяндамада саркынды суу деп айттыңыз, мыйзам долбоорунда ыплас суу деп жүрөт. Биз кайсыга ишенебиз?" - деди вице спикер.
Министрдин орун басары сунушталган редакцияга ишенүү керектигин айтып, айрым учурда ката кетип каларын белгиледи. "Менден ката кетип калды окшойт" деди Керималиев. Бакиров: "Сизден көп ката кетип жүрөт. Баяндама жасоого даярданып келүү керек", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

