super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков 97 жашка чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарында Лейлек районунун Раззаков айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекет башчысы менен баарлашууда ардагердин балдары жана неберелери Кошон Байматовдун согуш жылдары жөнүндө айтып беришти. Кошон Байматов 1922-жылы 2-майда туулган. 1942-жылы өз ыктыяры менен фронтко кеткен. Фашисттик баскынчылардан бошотуу боюнча көптөгөн операцияларга катышкан. Сталинграддан Берлинге чейин даңктуу аскердик жолун басып өткөн. Согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени, «Германияны жеңгендиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн» медалдары жана башка сыйлыктар менен сыйланган. Согуштан кийин Кошон Байматов өз айылына кайтып келип, айыл чарба тармагында эмгектенген. Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков ардагерге: «Биз ата-бабаларыбыздын эрдигин жана каармандыгын эсибизде сактайбыз. Бардык курман болгондордун, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 130 миңден ашуун Кыргыз жарандарынын элесине таазим этебиз. Өз өмүрүн биздин келечегибиз үчүн арнагандарды эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз», - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: