Лионель Месси бразилиялык футболчу Роналдиньону эркиндикке чыгарыш үчүн төрт жактоочу жалдады

Аргентиналык 32 жаштагы футболчу Лионель Месси мурунку командалашы бразилиялык Роналдиньону абактан чыгарыш үчүн төрт жактоочу жалдады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналдиньо эркиндикке чыгышы үчүн Месси анын бардык карыздарын төлөп, үстүнө 3 миллион доллар кошуп берерин билдирген. Азыркы тапта Роналдиньо тууганы экөө Парагвай мамлекетинин Асунсьон шаарындагы "Agrupacion Especializada" абагында кармалып жатат.
Буга чейин Роналдиньо жана анын тууганы жасалма паспорт колдонгон деген шек менен Парагвай өлкөсүнөн кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
2

Месси молодец