Дүйнөдөгү жалгыз ургаачы ак акыраны атып өлтүрүштү



Кениянын Гаррис аралындагы корукта браконьерлер дүйнөдө сейрек кездешүүчү жалгыз ургаачы ак акыраны баласы менен атып салышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыра менен баласы өлтүрүлгөндөн кийин корукта жалгыз гана баласы калды. "Сейрек кездешүүчү, уникалдуу жаныбарларды сактоого кылган аракетибиз жокко чыкты. Ак акыранын өлтүрүлүшү биз үчүн чоң трагедия болду", - деген корук башчысы Мухаммед Ахмеднур. Ал браконьерлер дүйнөдөгү жалгыз ургаачы акыраны жок кылышканын кошумчалаган.
Маалыматка ылайык, ак акыра корукка 2017-жылы алып келинип, көп кызыгууну жараткан. Келгенден бери ал эки ирет тууп, экинчи баласы август айында жарыкка келген. Акыра сырткы терисинин түсүн акырындап жоготкон мутацияга кабылгандыктан түсү акка өтүп кеткен.

Жираф - акыра
Носорог - керик
Леопард - кабылан
Гепард - кара кулак шер
Лев - арстан
Слон - пил
Кыргызча аталышы бар африка жаныбарлары. Демек тээ илгери ушул жаныбарлар Орто Азия чөлкөмүндө жашаса керек да кыргызча аталганына караганда.