super.kg logo
  Саясат  

Абылгазиев: "Жергиликтүү кеңештерди шайлоону мыйзам бузбай, кынтыксыз өткөрүү маанилүү"

 

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 12-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө карата даярдык көрүү маселеси боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 25 айылдык кеңештин, ошондой эле 5 шаардык кеңештин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок) депутаттарын шайлоо өнөктүгү болот.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, мандаттардын жалпы саны 544тү түзөт, анын 169 – шаардык кеңеш, 375 – айыл кеңешке. 8-мартка карата шайлоочулардын саны 342 миң 545 жаранды түздү.

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүшү керек. Процесстин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу маанилүү. Биз буга чейин заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече жолу шайлоо жана референдум өткөрдүк. Өлкө мындан ары да шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча топтогон алгылыктуу тажрыйбасын бекемдеши керек», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарга аймактык шайлоо комиссиялардын жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүгө толук жардам берүүнү, аларды транспорт, материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылууну тапшырды.

«Шайлоо учурунда жер-жерлерде коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү кеңештерди шайлоону мыйзам бузбай, кынтыксыз өткөрүү маанилүү», - деди премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга мындан ары жарандарды массалык каттоо фактысына жол бербөө тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: