super.kg logo

Италияда аял коронавирустан каза болгон күйөөсү менен карантинде калды

 

Италиялык Боргетто-Санто-Спирито коммуннасында жашаган аял коронавирустан каза болгон күйөөсүнүн жанында карантинде калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анын күйөөсү коронавируска кабылып, бирок ооруканага барып дарылангандан баш тарткан. 9-март күнү таңга маал ал өзүнүн батиринде каза болгон. Коронавирустан каза болгон адамга жакын жолоого болбойт деген коопсуздук чарасына шылтап, бийликтегилер сөөктү алып чыгуудан баш тартып коюшкан. Ал эми шаардын мэри эгер маркум ооруканага баруудан баш тартпаса, мындай окуя болмок эмес деген пикирин билдирген. Андыктан жубайы да сыртка чыга албай 2 күн бою каза болгон жолдошунун жанында карантинде калып, балкондон жардам сурап кайрылган. Туугандары жардам берүүгө ашыкканы менен жакын бара алышкан эмес. "Эч ким ага жакын барып, жардам берип же колдоо көрсөтө алган жок. Бул маселе эртерээк чечилет деп ишенебиз", - деген кошунасы.

Эске салсак, учурда Италияда коронавирустан 10 миң 149 адам жабыркап, 631 жаран каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.03.2020. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар коркооктор экен, ошонун айынан Италияда коп адам олуп жатат, Врачтары абдан начар экен! Кытайлыктар кыйын экенин далилдешти кызмат кылып жатып 53 кызматкери олуп кетти бирок коп адамды сактап калышты,
12.03.2020. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Италия,Корея,Иран,Испанияларда канча адамга жукту,канчасы каза болду,ачык айтып жатышат Кытайда жана мурунку совет олколорундо чындыкты айтпай жатышат деп ойлойм.
12.03.2020. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz_bloger, жашырса деле азыр бир паста билинет, интернет ушакчылары аңдып эле отурушат)))
12.03.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай жана Иран эч качан толук жана чын маалымат бербейт!Европа баарын болгонун болгондой жазат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: