super.kg logo

"Бизсиз бир күн". Мексикада 500 миң аял жумушка чыгуудан баш тартты

 

9-март күнү Мексикада "Бизсиз бир күн" деген аталышта аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы акция өтүп, 500 миң аял жумушка чыккан эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акцияга чыккан аялзаты жумушка, университетке, мектепке баруудан баш тартышкан. Феминисттердин жүрүшүн саясатчы, атактуулар да колдошкон. "Бизсиз бир күн" жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларынын бири Арусси Унда: "Биз өлкөбүздүн ар бурчунда орун алып жаткан аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукту көрсөткүбүз келет", - деген. Ошондой эле мексикалык актриса Кейт дель Кастильо да акцияны колдоп, социалдык баракчасына "Биз дүйнөгө аялзатынын эмгегисиз эч нерсе иштеберин көрсөткүбүз келет" деген билдирүү калтырган.

"El Universal" басылмасынын берген маалыматына ылайык, 9-март күнү мамлекеттик кызматта иштеген 500 миң аялзаты жумушка чыккан эмес.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь айында эле Мексикада 320 аял өлтүрүлгөн. Февралда 25 жаштагы Ингрид Эскамилья аттуу кызды 46 жаштагы көңүлдөшү бычактап, терисин сыйрып, ички органдарын кесип салган. Андан көп өтпөй 7 жаштагы кыз уурдалып, кийинчерээк сөөгү табылган. Мындай чуулгандуу окуялардан кийин да каршылык акциялары өтүп келген.






“Бизсиз бир күн". Мексикада 500 миң аял жумушка чыгуудан баш тартты

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(9)
11.03.2020. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Акылы жоктор, аял менен эркек деп бөлүнүп өзүн көрсөтө берсе эмне болот экен аягы, ынтымактуу, бактылуу жашоону агитация кылышпайбы мындан көрө.
12.03.2020. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Belek1710, Мээңди кичине кенен кое берип, туура ой жүгүрткөнү аракет кылчы.
12.03.2020. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир аз убакыттан кийин адам баласы инкубатордун жардамы менен кобойуп калат окшойт. Же клондоштуруу ыкмасына отобу. Или аялдар жатынын арендага берип калат го.
satyke түзөттү 2020-03-12 00:02:50
12.03.2020. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир айда 320 аял олтурулгон болсо акция уюштурууга олуттуу себептери бар экен. Бул не деген жырткычтык 320 аял бир айда олтурулуп атса. Тообо, тообо(
12.03.2020. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
akmanai,meksika chonda, jashoo oor, banditizm
12.03.2020. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Avrora2017, Адамды өлтүргөнү бул шылтоо болбошу керек
12.03.2020. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akmanai, Алар жөндөн жөн эле өлтүрө бербейтта, аялдардада бар ошон үчүн өлүмгө жеткирип жатышат, булар динсиздер, буларда адеп-ахлак, уялуу тартынуу деген нерсе жашабайт, ошого билген п.кторун жеп жашайт. Мунун баары ошол билген п.кторун жеп жашагандан келип чыгат.
12.03.2020. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Migrant-rf,диндүү аялдар эле жыргап атыптырбы?
12.03.2020. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул өлкөдө мыйзам иштебейтко! Бизге тез арада аялдарга жаш балдарга кордук көргөзгөн эркектерди өлүм жазасына тарта турган мыйзам кабыл алыш керек! Анан аялдарда чектен чыкпай эркектерге өлүм жазасы бар деп учурдан пайдаланып кетпеш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: