super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирустан сакайгандардын саны боюнча Иран экинчи орунга чыкты

 

12-мартка карата статистикалык маалыматтарга токтолсок, дүйнөгө кулачын кенен жайган жугуштуу вирустан жалпы 126 миң 93 адам жабыркаган. Алардын ичинен 68 миң 211и сакайган, ал эми 4 миң 616 адам көз жумган.

Вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миң 929 адам жабыркаса, 3 миң 169 адам каза болду, айыккандардын саны 50 миң 298. Италияда жуктуруп алгандар - 12 миң 462, каза болгондор - 827, сакайгандар - 1045. Бул көрсөткүч менен Италия вирустун экинчи очогу бойдон калууда. Иранда жуктургандар - 9 миң, каза болгондор - 354. Иран вирустан сакайган адамдардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда 2 миң 959 жаран сакайган. Ал эми Түштүк Кореяда 7 миң 755 адам жабыркап, 60 жаран каза болгон. Азыркы учурда дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө коронавирус катталды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.03.2020. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аллах Таалам Кыргызстанды ушул вирустан сактасын. Келе элек эле дарылар кымбаттап, продукты кымбаттап, анча мынча адамдарга сонун бизнес болуп жатат. Ыйман берсин элите, ооруу бербесин
12.03.2020. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай сактасын
12.03.2020. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сакайып кетсинси баары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: