super.kg logo

Сокулукта товарларды жана телефонду уурдаган делинип 3 жаран кармалды

 

Сокулукта дүкөнгө уурулукка кирген 3 жаран кармалды. Алар дүкөндөгү товарларды жана телефонду уурдап кетишкенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сокулук РИИБине 39 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, дүкөнгө уурулукка кирген белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Арыздануучу окуя 2019-жылдын 28-декабрына караган түнү болгонун айткан.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө уурулук кылганга шектелип, Бишкек шаарынын тургундары 25 жаштагы Т.Б., 22 жаштагы О.Б. жана 21 жаштагы М.Н. кармалды. Кармалгандар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Учурда шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: