super.kg logo
  Спорт  

"Ювентус" клубунун оюнчусу, профессионал футболчу коронавирус жуктуруп алды

 

Италия улуттук курамасынын жана "Ювентус" клубунун коргоочусу 25 жаштагы Даниеле Ругани коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Даниеле Ругани тест тапшырган учурда ага коронавирус оорусу жуккандыгы аныкталган. Футболчу карантинге алынып, "Ювентус" клубу учурда керек болгон бардык иш аракеттерди көрүп, футболчу менен жакын мамиледе болгондордун аты-жөнүн аныктоодо.

Даниеле Ругани 9-мартта өткөн Италия чемпиондугунун (А Сериясы) 26-турунун алкагындагы "Ювентус" - "Интер" беттешинде стадиондо алмашуудагы оюнчулардын катарында болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча Италия коронавирус жуктурган өлкөлөрдүн ичинен Кытайдан кийин (80 миң 932 адам) экинчи орунда турат. Бул өлкөдө 12 миң 462 адам коронавирус жуктурган болсо, 827 адам бул оорудан каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: