Депутат: "Дары-дармектер кымбаттап жатат, бул маселени көзөмөлгө алуу керек"
Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов дары-дармектердин баасы кымбаттап жатканын айтты.
"Аймактарда, Бишкек шаарында сатылып жаткан дары-дармектердин баалары апта сайын өсүүдө. Бул маселени ким көзөмөлдөйт? Коронавирус коркунучтары турат деген мезгилде дары-дармек кымбаттап жатат. Көзөмөлгө алыш керек. Ар бир дарыканада баалар ар кандай болууда. Ал эми дарылардын мөөнөтү тууралуу айтпай эле коёюн. Баалары биздин пенсионерлерге өтө эле кымбат. Өкмөттүн көңүлүн ушул маселеге бурат элем", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.