super.kg logo

Абал оор. Италияда жана Монголияда дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башка соода жайлары убактылуу жабылды

 

Коронавирустун күч алышына байланыштуу Италияда дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн тышкары бардык соода-сатык жүргүзгөн түйүндөр убактылуу жабылат. Мындай чечимди өлкөнүн министрлер кеңешинин төрагасы Жузеппе Конте жарыялады деп жазышат чет элдик басылмалар.

Төрага элге кайрылып, азык-түлүктүн жетишсиздиги болбой турганын, андыктан запаска алып коюунун кереги жок экенин билдирген. Азык-түлүктөрдү мурдагыдай эле буюртма берүү менен үйгө чейин жеткирүү кызматтары иштеп жатканын кошумчалаган.

Учурда Италиядагы кафелер, ресторандар, сулуулук салондору, чач тарачтар убактылуу жабылды. Ал эми айыл-чарба азыктарын өндүргөн ишканалар мурдагыдай тартипте иштеп жатат. Компаниялар жумушчуларына коронавирус жугуп калбашы үчүн тиешелүү чараларды колдонууда деп айтылат маалыматта.

Бул учурга карата Монголиядагы бир катар ишканалар коронавирустан улам 16-мартка чейин ишин убактылуу токтотту. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, учурда Монголияда 4 825 ишкана жабылды. Арасында ири соода түйүндөрү, базарлар, сулуулук салондору, кийим саткан дүкөндөр, фото студиялар, күрөөканалар, унаалардын сервистик тейлөө жайлары бар. Убактылуу ишин токтоткон жайлар дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшөт. Кафе, ресторандардын иштөө убактысы кыскартылды. Ал эми дарыканалар менен азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн иштөө тартиби өзгөрүлбөйт деп айтылат маалыматта.

Учурдагы статистикалык маалыматтарга токтолсок, Италияда вирусту жуктуруп алгандар - 12 миң 462, каза болгондор - 827, сакайгандар - 1045. Бул көрсөткүч менен Италия вирустун экинчи очогу бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: