Американын Улуттук баскетбол ассоциациясы чемпиондукту убактылуу токтотту

Түндүк Американын Улуттук баскетбол ассоциациясы коронавирустан улам чемпиондукту убактылуу токтотту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Солт-Лейк-Сити шаарынын баскетбол боюнча "Юта Жаз" командасы менен "Оклахома-Сити Тандер" командасынын оюнчулары беттеш алдында текшерүүдөн өтүшкөн. Анда "Юта Жаз" командасынын оюнчусу коронавирус жуктургандыгы аныкталган. Мындан улам беттеш белгисиз мөөнөткө чейин токтотулуп, оюнчуну аренадан алып кетишкен.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирусту 1 миң 312 адам жуктурган болсо, 38 адам бул илдеттен каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.