Окуучуларды тилдеп, 8-мартка карата сый уюштурууну суранган мугалим жумуштан алынды (видео)
Окуучуларды тилдеп, 8-мартка карата сый уюштурууну суранган мугалим жумуштан алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, мугалимдин аракетине юридикалык баа берилгени айтылат.
"Мугалимдин аты-жөнү такталды. Ал Кара-Кулжа районундагы Баки Эшмамбетов атындагы орто мектебинде иштейт. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 1-октябрындагы (№1151/1) ар кандай даталуу жана майрамдык күндөргө карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынышы боюнча буйрукту аткарбаганы үчүн Эмгек кодексинин 83-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жумуштан алынды. Мындан тышкары мугалимдер арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн мектеп директоруна да тартиптик чара колдонулду", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 9-мартта социалдык тармактарда мектеп мугалиминин 8-мартка карата стол даярдабай койгону үчүн окуучуларын урушуп жаткан видеосу тараган. Окуучулардын бири мугалимине "Эжеке кыздар билген эмес. Биз аларды куттуктаганы жатабыз. Силерге да белек беребиз" деп жооп бергени жазылып калган.
8-мартка карата стол даярдабайсыңар деп окуучуларды урушкан мугалим жумуштан алынды




1 |