super.kg logo

Аксыдагы окуучулардын мушташы. Жалал-Абад ОИИБи окуя тууралуу айтып берди

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мектепте болгон окуучулардын мушташы боюнча облустук милициядан төмөнкүлөрдү билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык оорукананын дарыгери Авлетим айылынын тургуну 2004-жылы туулган Т.М. денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган.

"6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде жабырлануучуга теңтуш болгон 9-класста окуган 6 бала "чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр" деп уруп койгондугу аныкталган. Ошондой эле окуя боюнча жабырлануучунун апасы Аксы РИИБине кайрылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринде Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, алар ата-энелери менен бирге социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат. Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармактарга тараган видеодогу "таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан" деген пикир чындыкка дал келбейт жана милиция бул ишти толук кандуу, объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө алып аягына чыгарат", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.03.2020. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олорчо тепкилештиго баласын,анан неге тосмо арыз жазып берет энеси. Мээси жок
12.03.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуучулардын мушташы эмес,бир баланы топ бала ур токмоко алып тепкилеп салыштыго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: