super.kg logo

Бишкек шаардык соту "Азаттыктын" жактоочусунун арызын карап чыгып, аны канааттандырган жок

 

Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаардык соту "Азаттыктын" жактоочусунун арызын карап чыгып, аны канааттандырган жок.

Буга чейин "Азаттыктын" өкүлү бул ишти кароону Свердлов райондук сотунан башка райондук сотко өткөрүү өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган эле.

Ал эми 29-январда Свердлов райондук сотунда өткөн отурумда "Азаттык" менен "Клооп" маалымат каражаттарынын соттогу өкүлдөрү бул ишти карап жаткан судьяга ишенбей тургандыктарын айтып, аны Ленин райондук сотуна өткөрүү өтүнүчүн айтышкан. Бирок судья соттук кароону башка районго өткөрүүгө негиз жок экенин түшүндүрүп, өтүнүчтү четке каккан болчу.

"24.kg" басылмасы жазган материалынын темасына далил жок экенин билдирген.

Окуянын чоо-жайы:

Матраимовдор "Азаттык", "Клооп", "24.kg" сайттарына карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.

Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.03.2020. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаттык азат болбой калды. АШАттык болуп калды.Калыстыктан тайып жалаң заказной материал менен иштеп калды. Анда супер инфо деген гезит дел чын болуп калды.
12.03.2020. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаттык кимдин заказын аткарганын эл жакшы билип калды
12.03.2020. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин олкодо чындык жок азыр эле эмес илгертен ушундай,чындыкты айткандын эле оозун жаба берсе,жалан ктр дин жалган лапшаларын угуп калабызбы,кошоматчыларга го эми соз жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: