super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жооптук беттешинин жыйынтыктары. Учурдагы чемпион турнирдеги жүрүшүн токтотту

 

Бүгүн, 12-март күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары болуп өттү.

Франциянын "ПСЖ" командасы өз үйүндө германиялык "Боруссия Дортмунд" командасын кабыл алды. Бул беттеш күйөрмандарсыз өтүп, 2:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 3:2 болуп, "ПСЖ" командасы мелдештин чейрек финалына жолдомо алса, "Боруссия Дортмунд" командасы бул турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"ПСЖ" - "Боруссия Дортмунд" 2:0;

Голдор: Неймар (28-мүнөттө), Хуан Бернат (45-мүнөттө).

Учурдагы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Ливерпуль" командасы өз үйүндө испаниялык "Атлетико Мадрид" командасын кабыл алды. Бул оюн укмуштуудай өтүп, 2:3 эсебинде испаниялык клубдун жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 2:4 болуп "Атлетико Мадрид" чейрек финалга жолдомо алса, "Ливерпуль" командасы турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Ливерпуль" - "Атлетико Мадрид" 2:3;

Голдор: Жоржиньо Вейналдум (43-мүнөттө), Роберто Фирмино (94-мүнөттө), Маркос Льоренте (97, 105-мүнөттө), Альваро Мората (120-мүнөттө).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уктабай коргонумдц актады ото кызык оюн болду, футболдо коп чабуулга чыккан команда эмес акылдуу тактика женуусун Юргенге корсотуп койду Диего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: