Жеңилбес мушкер Флойд Мейвезердин мурунку жубайы өзүнүн унаасынан жансыз абалда табылды



Америкалык атактуу мушкер Флойд Мейвезердин мурунку жубайы Жози Харрис өзүнүн автоунаасынан жансыз абалда табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы Жози Харрис 10-март күнү кечинде АКШнын Калифорния штатындагы өзүнүн үйүнөн алыс эмес жерде унаасынан жансыз абалда табылган. Полиция кызматкерлери өлүмдүн себеби иликтенип жатканын, Жози Харристин киши колдуу болбогонун, баңгизатын көп колдонгондон болушу мүмкүн экенин билдирген.
Мейвезер менен Харрис 1995-жылы баш кошуп, 2010-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн. Экөөнүн ортосунда Зион жана Кораун деген эки уулу жана Жира деген бир кызы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.