super.kg logo

Ош облусунун Өзгөн районунда 5 миң долларга баласын сатууга аракет кылган эки эненин иши тергелип бүттү

 

Ош облусунун Өзгөн районунда 5 миң долларга баласын сатууга аракет кылган эки эненин иши тергелип бүттү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ОИИБинин басма сөз кызматкери бул иш бир же эки күндө сотко өткөрүлөрүн кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы:

20-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө кебетеси азиялык болгон аял өзүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайын сатып, пайда көрүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда Өзгөн районундагы төрөт үйүндө 23 жаштагы аял эркек бала төрөгөн. Ал баланы сатууну пландап, ага мурда сот жообуна тартылган 45 жаштагы А.Э. аттуу аяш энеси көмөктөшүп, аял ымыркайды 5 миң долларга соодалашып сатып жаткан учурда кармалган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы каралып, ымыркайдын энеси К. кызы К. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал эми ортомчу болгон А.Э. эки айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: