super.kg logo

Өкмөт коронавируска байланыштуу маалымат жыйыны эмне себептен болбой калганы тууралуу түшүндүрмө берди

 

Өкмөт башчынын маалымат катчысы коронавируска байланыштуу маалымат жыйыны эмне себептен болбой калганы тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу катчы Адилет Султаналиев социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан өткөрүлө турган иш-чара атайын штабдын оперативдүү иштерине байланыштуу болбой калган.

“Бүгүн өкмөт башчыга баары чогулуп пандемия шартында иш аракеттерди жүргүзүү алгоритмин талкуулашат. Маалымат жыйын эртең өткөрүлөт”, - деген Султаналиев.

Бүгүн, 12-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрмөк. Бирок ал белгисиз себептерден улам болбой калган.

Жыйында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу абалды пандемия деп жарыялаганына байланыштуу Кыргыз өлкөсү кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу маалымат берилмек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: