Баткенде 31 өспүрүм оор кырдаалда. Милиция кызматкерлери оор абалдагы үй-бүлөлөр менен таанышты




Баткен районунда жашаган өспүрүмдөрдөн милиция кызматкерлери кабар алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун аймагында өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан "Кароосуз балдар" аталышындагы профилактикалык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө милиция, социалдык, билим берүү, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте турмуш-шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ар бирине барышып, алардын мектеп окуучусуна түзүлгөн шарты, окуу куралдарынын жетиштүүлүгүн текшерип чыгышты.
Милиция кызматкерлери тарабынан иш-чарада жалпысынан район боюнча 241 үй-бүлө текшерилип, 31 өспүрүм оор кырдаалда экендиги аныкталды. Бул аныкталган өспүрүмдөр боюнча тийиштүү тармактарга сунуштар милиция кызматкерлери тарабынан жөнөтүлдү.



