super.kg logo

Ошто жолдошун жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармалган аял 9 жылга эркинен ажыратылды

 

Ош облусунун Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен кармалган маркумдун жубайы 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту чечимди 4-март күнү чыгарган. Анда айыпталуучу П.Г. угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле 90 миң сом айып салынды.

"Ал эми соттолгон аялдын 2014-жылы жана 2015-жылы туулган балдарын туугандарына өткөрүп берүү маселеси Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө милдеттендирилди. Ош шаардык сотунун өкүмү акыркы эмес жана нааразы тарап апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп, боз үйдө ыйлап отурган жеринен адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. аттуу келинди кармашкан. Келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алган. Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, маркум 1973-жылы туулган Ы.Ү. өз аялы менен өз ара пикир келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон.

2019-жылдын 19-ноябрында болжол менен саат 23:30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы арматура менен башына үч ирет чапкан. Натыйжада маркум Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө "Тез жардам" кызматын аялы жана коңшусу чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, коңшусуна "сырттан жараат алып келип, жатып калды" деп айткан. Каза болгон жаран Ош шаарында маршруттук такси айдап иштеген. 4 баланын атасы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
12.03.2020. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыйраттынар жакшы иш кылыпсынар,Бат эле куноолоп камап койдунар,чиновниктер неге мындай болбойт соту бутпой койдуго такыр эле,коп нерсе жазайын дейсин бан дегени бар
12.03.2020. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айида еженердин баласы 18ге чыккыча кутосунор бул айалды кутконго болбойбу
13.03.2020. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялдар кордолду,олуп жатаь деген укук коргоочулар кана?Кеттик эркектер митингге..Эркектердин укугун коргобосок,аялдардын колунан олуп жок болуп кетпейли..
13.03.2020. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mister-X, эртен менентен маанайды котордун. Кулуп алдым. Чындап. Жок болуп кетпейлиии...
13.03.2020. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялды өлтүрүп койгонго чейин унчукпай жүрө бериши керек эле да. Өлтүрүп койсо да, ырас кылыптыр өзү аялы тилинен кетиптир дешмек. Өлтүрсө демек ошого жеткирди да жадатып.
13.03.2020. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gsuita, Адам олтуруш сага оюнбу. Балдары жетим калды. Не болсо дагы Адам олтуруп атат. Жогорку жактагы комент. Жазгандар Адам олтуру фактысы далилденип атат камайтда, балдарын озу ойлобосо соттор ойлойбу. Балдарым жетим кандай кунду корот, кудайдын алдында кантем деп ойлонуп иш кылса мындай болбойт эле. Колу менен кылганын мойну менен тартсын Эми.
13.03.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялды уйдо камабай кичине эшикке чыгарып шамалдатып туруш керек,а то жиндеп кетет экен
13.03.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артист го аялы,менин да аялым артист эле ушундай,жок жерден уруш чыгарып кыйкырып өкүруп бакырып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: