super.kg logo

Бишкекте коронавирустун алдын алуу үчүн коомдук транспорттор дезинфекцияланып, айдоочулар күндө текшерүүдөн өтүүдө

 

Коронавирус инфекциясын алдын алуу максатында билим берүү, медициналык мекемелеринде, коомдук транспорт, соода-сатык комплекстеринде күчөтүлгөн режимде профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда бардык муниципалдык транспорттор дезинфекцияланууда. Бүгүнкү күндө 500 маршруттук такси дезинфекцияланды. Айдоочулар күндө наркологиялык пункттарда медициналык кароодон өтүүдө. Кароодон өтпөгөн, дене табы жогору болгон, ОРВИнин белгилери бар айдоочулар жумушка чыгарылбай жатат. Бала бакча, мектептерде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мекемелердин директорлоруна вирустук инфекцияны алдын алуу боюнча медициналык кызматкерлер тарабынан семинарлар өтүүдө. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын студенттерине, мугалимдерине профилактикалык сабактар өткөрүлүүдө. Андан сырткары коомдук тамактануучу жайларга, соода-сатык комплекстерине да санитардык текшерүү жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: