super.kg logo

Вице-премьер Эркин Асрандиев: "Менин үй-бүлөм азык-түлүк камдаган жок. Себеби өлкөдө анын запасы жетиштүү"

 

Республикалык штаб коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасирин аныктоо үчүн базарларга мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөдөгү базарларга мониторинг жүргүзгөндө бизде жетиштүү азык-түлүк, товар бар экендиги жана алардын баасы стабилдүү экендиги аныкталды. Кыргыз өлкөсүндө азыктар боюнча тартыштык болбойт. Өсүмдүк майы, ун жана айрым жашылча-жемиштердин баасын сезонго байланыштуу гана бир аз кымбаттаган. Вице-премьер-министрдин тапшырмасы менен монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери товар жана алардын баасына мониторинг жүргүзүп турушат", - деп жазылат маалыматта.

Азык-түлүктөр маселеси боюнча Эркин Асрандиев: "Биз баарыбыз адамбыз, баарыбыз дүйнөдө болуп жаткан окуяга көңүл кош карай албайбыз. Айрымдар азык-түлүк жетишсиз болуп жатканын жана алдын ала камынып, көп алып коюу керектиги тууралуу маалыматты таратып жатышат. Азык-түлүктөрдүн запасы бар экендиги тууралуу расмий маалымат берилип жаткандан кийин бул жаатта чочулоонун кажети жок. Мен 4 баланын атасымын, бирок азык-түлүк алып, камданган жокмун", - деген пикирин билдирген.

Министрликтердин жана ведомстволордун жер-жерлерде азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу өкүлдөрү билдиришкендей, коңшу өлкөлөрдүн жарандары чындыгында Кыргыз Республикасынын аймагынан продуктуларды сатып алышкан. Бирок бул бир гана жолу байкалган.

Вице-премьер Эркин Асрандиевдин тапшырмасы менен антимонополиялык агенттиктин кызматкерлери биринчи кезектеги керектөө товарларынын баасына мониторинг жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары алар өлкөнүн ири соода түйүндөрү жана азык-түлүк рынокторунун өкүлдөрү менен сатуулардын жана баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги айыл чарба продуктуларынын жана тамак-аш продуктуларынын камы боюнча күн сайын маалымат топтоп, талдоо жүргүзүүдө. Ошондой эле баалардын, өндүрүш көлөмүнүн жана ташуулардын туруктуулугун камсыздоо үчүн ири өндүрүүчүлөр жана ташуучулар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
13.03.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баалар которулуп эле жатат,буга ким жооптуу?
Супер билип бергилечи э?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: