Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды
Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьяларды кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Сотко 1 талапкер, Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна 10 талапкер боюнча сунуштар түшкөн. 5-мартта мамлекет башчы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент Жогорку Сот менен бирге судьялык кызматка 10 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.
Мамлекет башчы бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарып берди.
Бишкек шаары:
- Ленин райондук сотуна Мээрим Жолдошова;
Ош облусу:
- Кара-Суу райондук сотуна Мас Арзиев;
Жалал-Абад облусу:
- Жалал-Абад шаардык сотуна Данияр Суханбердиев;
Талас облусу:
- Кара-Буура райондук сотуна Тахмина Таджибаева;
Ысык-Көл облусу:
- Ысык-Көл облустук сотуна Убайдулла Сатимкулов, Альгис Шукуралиев;
- Ысык-Көл райондук сотуна Кеңешбек Казаков;
- Түп райондук сотуна Нурбек Жолбунов;
Чүй облусу:
- Ысык-Ата райондук сотуна Назгүл Жунушева.
Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.





1 |