super.kg logo

«Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагындагы күйүүчү майды куюунун тактыгы Кыргызстандын Стандартизация жана метрология боюнча борбору тарабынан тастыкталды

 



25-февралдан баштап 5-мартка чейин Кыргызстандагы "Газпромнефть" май куюучу жайларынын күйүүчү май таратуучу колонкалары куюудагы тактыгы боюнча мамлекеттик стандартка дал келген текшерүү процедураларынан өттү. Кыргыз Республикасынын Стандартизация жана метрология боюнча борборунун (СМБ) өкүлдөрү бардык май таратуучу колонкалар бузугу жок иштей турганын, бензин жана дизель күйүүчү майын куюу көлөмү кардардын буюртмасына шайкеш келерин тастыкташты. Колонкалардагы күйүүчү майды уруксатсыз куя бербеши үчүн анын башындагы коргоочу пломбаларга СМБнын ишенимдүү белгилери коюлду. Ал эми май куюучу жайлардын башчыларына тийиштүү күбөлүктөр берилди. 2020-жылы республикада биринчилерден болуп "Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагы жабдыктары милдеттүү текшерүүлөрдөн өттү.

"Газпромнефть Азия" компаниясынын чекене сатуу боюнча башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев бул боюнча мындай деди: “Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бардык талаптарын аткарат - күйүүчү май таратылуучу колонкалар мамлекеттик стандарттарга ылайык белгиленген мөөнөттө текшерүү процедураларын өттү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен баары туура шартта иштеп жатканын көрсөткөн керектүү документтерди алып жатабыз. Ал документтер менен каалаган кардарлар биздин май куюучу жайларынан тааныша алат. Мындан тышкары мамлекеттик стандарттарга кошумча иретинде компания коргоо шарттарын жакшыртты. Тагыраагы, күйүүчү май таратылган ар бир колонкага номери бар өзү чапталган пломбалар алынып, пломбалап чыгуу жүргүзүлдү”.



"Газпромнефть" май куюучу жайларынын ар бир кардары келип күйүүчү майды куюудагы тактыкты өзү көрүп, ынанып кетсе болот. Ар бир станцияга Стандартизация жана метрология борбору күбөлөндүргөн приборлор коюлду. Алар нефти продуктуларын куюп жатканда анын көлөмүнүн тууралыгын аныктап турат, тагыраагы, булар өлчөгүчтөр. Өлчөгүч менен куюу кардардын өзүнүн катышуусунда май куюучу жайдын башкаруучусу менен биргеликте иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы "Өлчөө бирдигин камсыздоо жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобосуна (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-декабрындагы №658 токтомунун редакциясында) ылайык, мамлекеттик жөнгө салуулар тармагына тиешелүү болгон өлчөөнү жүргүзүүдө текшерүүлөрдөн өткөн жана атайын бекитилип берилген өлчөө каражаттары пайдаланылышы керек.

Өлчөө каражаттарын текшерүү - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартизация жана метрология боюнча мамлекеттик борбору аткарган операциялардын жыйындысы. Анын максаты өлчөө каражаттары атайын бекитилген техникалык талаптарга дал келгендигин жана өлчөө каражаттарынын жарамдуулугун аныктоо болуп саналат. Мезгил-мезгили менен өлчөөчү каражаттарды текшерүүгө иштетилип жаткан же сактоодо турган бардык тиешелүү жабдыктар алынат. Текшерүүнүн ортосундагы убакыт Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн "Өлчөө бирдигин камсыздоо жөнүндөгү" мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү" токтомуна ылайык бекитилет.

Жогоруда айтылган өкмөттүн токтомуна ылайык, күйүүчү майды таратуучу колонкалар жана суюлтулган газды бөлүп берген колонкалар ар жарым жылда 1 жолу текшерилип турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: