Ошто айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылып, бир аял каза болду
Ош облусунун Кара-Суу шаарында айдоочу унааны башкара албай жол кырсыгына кабылган. Кырсык 12-мартта Кара-Суу шаарындагы Владимир Ленин көчөсүндө катталганын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. Кырсык болгон жерге 5 куткаруучу барып каза болгон аялдын жансыз денесин унаадан чыгарышкан. Маркумдун сөөгү укук коргоочуларга өткөрүп берилген. Ал эми жабыркаган адам "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген", - дешти маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Жөн эле Ленин көчөсү деп жазгыла