Муфтият: "Жума намазга келгендерди эртерээк таратуу үчүн кыска сүрөөлөр окулат"
Бүгүн, 13-мартта жума намазга келгендерди эртерээк таратуу үчүн кыска сүрөөлөр окулат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирет. Мындай чектөө коронавирустун өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана алдын алуу максатында колдонулуп жатат.
"Жума намазды окууда кадимкидей эле азан айтылып, баяндар окулат. Болгону мурдагыдай узун эмес, кыска сүрөөлөрдү окуу менен намаз жыйынтыкталат. Мындай иш аракетибиздин максаты - топтолгон элди мечитте узак убакыт кармабай, эртерээк таратуу", - деди мекеменин маалымат катчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жума маарэк болсун