super.kg logo

Чубак ажы Жалилов: Ислам банкинги боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан 1-орунда турат

 

Ислам Финансылык борборунун Шариат кеңешинин мүчөсү, диний ишмер Чубак ажы Жалилов ислам банкингин өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда жагымдуу шарттар түзүлгөндүгү, каржылоонун ислам принциптери кайрымдуулук каражаттары эместиги, ошондой эле Шариат кеңешинин кызматы жөнүндө айтып берди.
Биздин өлкөдө акыркы бир нече жылдан бери салттуу банкингден сырткары каржылоонун ислам системасы иштеп келет. Белгилүү диний ишмер — Ислам Финансылык Борборунун Шариат кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ислам инструменттери Кыргызстан үчүн жаңылык болгону менен, ислам ааламында 14 кылымдан бери колдонулуп келгенин айтат.
Чубак ажы Сауд Арабиясындагы эл аралык университтердин биринде Шариат багыты боюнча билим алган. Шариат – жалпысынан мусулман укугу, фикхтин булагы деп эсептелинет, ал эми фикх шариаттын нормативдик-укуктук бөлүгүн түзөт. Чубак ажы “Мурабаха бүтүмү” боюнча ислам банкына кайрылган учурда эл билиши керек болгон 6 факты жөнүндө айтып берди.

«Мурабаха» биздин коомдогу «алып-сатуу» деген түшүнүктү берет
Банктын расмий тили кардарларга кыйыныраак туюлушу ыктымал. Болбосо ал биздин элге чоочун эмес, тааныш эле түшүнүк. Кыргызстандагы соода-сатыктын дээрлик 95% дал ушул «Мурабаханын» негизинде жүргүзүлүп, тиричилик өтүп келет. «Мурабаха» деген сөз биздин «алып-сатуу» дегенди эле билдирет. «Дордой» базарынан сатып алып, «Ош базарда» сатуу, же Кытайдан ташып келип Бишкекте үстүнө акча кошуп сатуу деген эле кеп.

Банк сиз ыраазы болгон баада гана сатат
Мурабаханы банктык кызмат катары ала турган болсок, ал банкта «Мурабаха бүтүмү» деп аталат. Бул келишим кандай иштейт? Сиз дүкөнгө барып телевизор алайын дедиңиз, бирок сатып алууга кудуретиңиз жетпей калды дейли. Сиз бул учурда ислам банкына келип, абалыңызды түшүндүрөсүз. Банк барып, телевизорду сатып алат да, өзүнө менчик катары каттатат. Андан соң өз эмгегин, өз кызыкчылыгын үстөк баа катары кошуп, сиз менен кеңешет. Эгер сиз ал баага ыраазы болсоңуз экинчи соода менен сизге кайра узак мөөнөткө бөлүп төлөө эрежеси менен сатат.

Ислам банк ишин «бекер» акча же кайрымдуулук деп түшүнүп алуу туура эмес
Биздин эл ислам банк десе эле, бекер акча, мечитте берилген садага сыяктуу көрүп жатышат. Жок, ислам банкингиндеги каражат кайрымдуулук каражаттары эмес, ал кадимки ишмердүүлүктөгү акча. Анын үстүнө акчалай түрүндө колуңузга карматпайт. Сизге каалаган буюмуңузду өз кызыкчылыгын сиз ыраазы болгон баада кошуп сатып берет.

ИФБ пайыз койбойт, бирок айып пул салат
Ислам Финансылык Борборунда пайыз деген түшүнүк жок. Болгону, ай сайын төлөй турган үлүштөрүн кечеңдеткен кардарларга айып пул салынат. Башка банктарда айып пулдун каражаттары алгач банктын эсебине кошулуп, андан соң бөлүштүрүлөт.
Ислам Финансылык Борборунда айып пулдан түшкөн каражаттар Шариат кеңешинин көзөмөлү менен түз эле кайрымдуулук фондунун эсебине түшөт.
Учурда дүйнөлүк ислам аалымдары айып пул маселеси боюнча баш катырышууда. Бирок азырынча андан башка жолун табыша элек.

Ислам банк жүрүмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунда турат
Салттуу жана ислам банктарына тийиштүү стандарттар бар. Ислам баалуу кагаздарын иштеп чыгуу, ислам банкинги боюнча мыйзамдардын көптүгү жана шарттардын түзүлгөндүгү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи орунда турат. Ислам банктары биздин өлкөдө Кыргыз Республикасында Улуттук банкынын талаптары, эл аралык уюмдардын эрежелери, Шариаттагы эрежелерге ылайык иш алып барышат. Эгер ислам стандарттары айтылбай калган же аткарылбай калган учурларда биз, Шариат кеңешинин мүчөлөрү ислам китептерин талдап же ислам шариаты боюнча башка булактардан карап жооп беребиз.

Каржы кызматтарынын араб тилинде аталып калуусу — бул эл аралык эреже
Ислам банкингинде колдонулган терминдер, анын ичинен «Мурабаха» сөзү «Курани карим» китебинен алынган. Кээде Курандан түз болбой, бирок ошого багыт берилген болот. Кыргызстан шартында «алып-сатуу» десе болот. Бирок дүйнө Кыргызстан менен эле бүтүп калбайт, ааламдашуу процесси өз таасирин тийгизет. Чет өлкөлөрдөн келген жарандар же бизден башка мамлекеттерге баргандар ислам банкингиндеги кызматтарды оңой табуусу үчүн эл аралык түшүнүктүү терминдер колдонуу зарылдыгы бар.
ИФБ менен байланышуу:
6111 (мобилдик телефондон)
+996 554 00 61 11 Whats App


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(25)
13.03.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Банк "сиз ыраазы болгон" баада устуно акча кошуп узак моонотко берет дейт. Бул жерде ыраазы болосунбу же ыраазы болбойсунбу баары бир банк устуно акча кошуп жатпайбы. Пайыз деген принцип журуп жатат. Ал эми пайыз Шарият боюнча арам болуп саналса, шейхибиз колдоп жатканы тан калычтуу нерсе.
13.03.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
adema86,Сиз такыр тушунугунуз жок экен, башка китептерди окуп корунуз, мумкун ошондо тушунорсуз.
13.03.2020. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
kuttubekuzgen, мага тушунук бербей макаланы козунузду чоон ачып окуп коюнуз!!!! Башка китепти окусам дагы окубасам дагы устуно пайыз кошулуп жатканын эч ким тана албайт!!!
П.С: Шариаттан, динден жакшы эле маалыматым бар.
13.03.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
adema86,анда мен кытайдан 100 сомго койнок алып келип устуно 50 пайыз кошуп 150 сомдон сатсам эмне арам болуп калабы? Бул жерде дагы ошол эле принцип иштейт алып сатуу, банк товарды сатып алат дагы устуно озунун пайызын кошуп анан сизге сатат бул жерде эч кандай динге каршы келе турган нерсени корбодум.
13.03.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuttubekuzgen, устуно кошулган усток акынын бардыгы пайыз болуп саналат. Пайыз бул суткордук. суткордук арам. ал эми 100 сомдук койногунузду 50 сом кошуп 150 сомго сатканыныз бул соода. соода адал. сиздин 50 сом кошуп сатканыныз менен банктын кошконунун айырмасы бар.
П.С. Кытайга койнок алууга барбаныз, чек ара жабык)))))
13.03.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
adema86,банк сизге пайызга акча берген жокда, банк сизге товар сатып алып устуно акча кошуп кайра сизге сатып жатат, бул жерде эмнеси шариатка туура келбей жатат? Банк сизге жардам беруучу фонд эмесда, алардын дагы кызыкчылыгы барда. Суткорлук эгер банк сизге 1000 сом берип ушуну иштетип устуно 500 сом кошуп бересин десе ошол суткорлук болот. Анан товардын устуно акча кошуп сизге сатып жатса бул жерде суткорлук жок.
14.03.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuttubekuzgen, ойлонуп жазсан кытайдан тавар алсан келип еле сатып жибере албайсын биринчиден булардыкы 100 процент сатып атат устуно акча кошуп булардын товары уверынный отот кытайдан келген товар отпой артка сатышында мумкун бул соода тиги банктыкы устуно 100 процент кошуп атат ойлонуп кор
13.03.2020. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kuttubekuzgen,башкача ойлогон адамды шыр эле тушунугун жок деп калышат тушунуктуулор. Сопсонун эле тушунуп жатабыз.
13.03.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чубак ажыкебиз акыркы күндөрү башкача болуп баратат өтө эле майдаланып кетти.Баардык эле нерсеге мурдун тыгып окшошсо окшошбосо урдура берчүү болду.
13.03.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Банк барып, телевизорду сатып алат да, өзүнө менчик катары каттатат. Андан соң өз эмгегин, өз кызыкчылыгын үстөк баа катары кошуп, сиз менен кеңешет. Эгер сиз ал баага ыраазы болсоңуз экинчи соода менен сизге кайра узак мөөнөткө бөлүп төлөө эрежеси менен сатат")))))))))
Эгер ыраазы болбосо бербей коебу кредит? )))
13.03.2020. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adema86,оа ыраазы болбосон кымбат экен деп албай кетип каласын.Сени ал деп зордобойт
13.03.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
adema86, Тууганым туура эле болуп жататко, Алар сага процентке акча эмес, товарыңды алып, өздөрүнүн услугасын алып жатат. Бул жанагы айылдарда дүкөндөрдө телефонуңа бирдик (единица) салганыңда өз кызматтарына беш сомдон кармап калышат, дал ошол системада жүрүп жатат. Сен ошол бирдикти пайыз дебей эле беш сом кошуп төлөп салдырып иштетип жүрөсүңго)).
13.03.2020. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азыр кредитти адалдаштыруу учун ар кандай ыкманы кодонуп жатышат да,банк буюмду алып устуно акча кошуп сага берсе,бирок сен айла жоктон алып жатасын да,акчан болсо базар баасында арзан эле алып алмаксында,ошондо адамдын акчасы жоктугунан пайдалануу ыкмасы деп ойлойм.
13.03.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kyrgyz_bloger,Аха шарап арам мусалла адал дегендей соз болуп жатат да. Шарап ачытылган,мас кылуучу момо ширеси. Мусалла-сут кошулган шарап.
13.03.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
satyke, Шарап деген кыргызчасы ичимдик деген, бирок ичимдиктерда бөлүнөтта арам ичимдик, адал ичимдик болуп. Арам ичимдиктерди, же алкогол ичимдмктерди хамр деп коёт, Куранда мына ушул хамрды арам деп айтат. Ал эми башка сок, суу сыяктуу шараптарды тыйган эмес. Сөздүн маанисин ачыктап анан жазсаңар, түз маанисин эле түшүнүп алып урдура бербей.
14.03.2020. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Center,сок суу шарапппы шарап болсо ичимдик болуп калабы бааржокту чалыштырып салбадыңбы?
14.03.2020. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Center,Жакшылап оку. Мен момо-жемиштин ширесинен ачытып жасалган мас кылуучу шарапка сут кошуп койсо мусалла болот экен деп жазып жатам. Ошол мусалланы адал деп жатышат. Акылын жетбеген нерсеге мурдунду тыгып акылдуу корунбогун.Унчукбай койгонунда сендей туркой адамдын бар экенин билбей калат элек.Шараптын кыргызчасы шарап(вино) эле болот. Ичимдик-напиток,шире-сок.Лингвист ты хренов.
satyke түзөттү 2020-03-14 15:05:20
13.03.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz_bloger,Туура айтасын эптеп элди алдамай.
13.03.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kyrgyz_bloger, Заман талабына жараша иш жүргүзүп жатышатта колдорунан келишинче адалдаштырып, ансыз деле миллиондогон жердештерибиз ачык арам кредиттерди алып төлөй албай, кыйналып иттин күнүн көрүп жүрүшөтко. Андан көрө бираз болсода шариятка ыктап, кыяматтагы жоопкерчилигин өз моюндарына алып, элге жеңилдетип берип жатышат.
13.03.2020. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо башка банктар деле ошондой кредит арам эмес арам болуп эле сен аны бирөөнүн акын жеген жоксун уурдаган жоксун баары ачык айкын эле
13.03.2020. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ислам деген аты эле болбосо ,проценти булардыкы деле башка банктардан кем калышпайт. Буюм алсан,олчойгон процент кошушат. Анан шариат жонундо суйлошпой эле коюшса
13.03.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айып пул бул процентда 1000 сом алып толой албай калсан 1000 сом айып пул салса суткорлук эмес эмне анан кайдагыны айтбагылачы элди алдап
13.03.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Акылдуулар силер билесинерби же тонналап китеп окуп, китептин мекени, ислам дининин так ортосу болгон Сауд Аравияда 8,5жыл окуп, миллиондогон адамдарды ислам динине алып келип жаткан ЧУБАК АЖЫ билеби? Устаздын астында акулдуу болуу бул шермендечилик.
14.03.2020. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KAYRATBEK, Наличие высшего образования не подразумевает наличие высокого ума.
13.03.2020. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир буюм сатып алыш үчүн акчаң жетбей атса алып берет да , жакшы .Бөлүп төлөсөң аны да , анан силерге пайыз кошбой коймок беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: