super.kg logo
  Саясат  

Динара Сагынбаева, министр: “Ысык-Көлдө кара тумоого байланыштуу 100дөй адам текшерүүдөн өттү”

 
Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдө кара тумоо оорусунан каза болгон бала менен байланышта болгон 105тей адам текшерүүдөн өттү. Муну саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева бүгүн, 26-августта маалымат жыйында билдирди. “Азырынча ал адамдарда кооптуу белгилер байкала элек. 30-августка чейин аймакка карантиндик режим киргизилди. Эл аралык стандартка ылайык бардык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”,- деди министр. Эске салсак, 22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашаган 15 жаштагы бала ооруканага оор абалда жеткирилип, каза болуп калган эле. Экспертизанын жыйынтыгы менен анын кара тумоо оорусунан каза болгону белгилүү болду. Маалыматка ылайык, каза болгон бала кара тумоо оорусун алып жүрүүчү суурдун этинен жасалган шишкебек жептир. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: