super.kg logo

60 жыл чогуу жашаган чал-кемпир бир күндө коронавирустан каза болушту

 

Италиялык 60 жыл чогуу түтүн булаткан түгөйлөр коронавирустан улам 1 күндө каза болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

86 жаштагы Луиджи Каррара жана анын 82 жаштагы жубайы Севера Белотти Италиянын Альбино шаарында жашап келишкен. Экөө тең коронавируска кабылып, бир апта үйүндө дене табы көтөрүлгөн абалда жатышкан. Кийинчерээк алар ооруканага которулган. 60 жыл чогуу түтүн булаткан чал-кемпир 10-март күнү 2 саат айырмачылык менен көз жумган.

Түгөйлөрдүн уулу Лука карантинге байланыштуу ата-энесин акыркы мүнөттөрдө көрө алган эмес. "Жакын адамдарың жалгыз калып, сен жадакалса алар менен коштошуп, кучактап, жакшы сөз менен колдой албайсың. Бул өтө жаман" деп арман кылган уулу. Учурда Лука жубайы жана эки баласы менен карантинге киргизилген.

Акыркы маалыматка ылайык, Италияда 12 миң 462 адам коронавирус жуктуруп, 827 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: