super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри менен жаңы окуу жылына болгон даярдыкты талкуулады

 

Бүгүн, 26-августта президент Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, министр президентке окуу жайларынын жаңы окуу жылына даярдыгынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Мамлекет башчысы окутуучуларга эмгек акы төлөөдө кечиктирүү болбошу керектигин жана министрлик окуучуларды бардык зарыл материалдар менен камсыздоо үчүн болгон күч-аракетин жумшашы керектигин белгиледи. Ошондой эле жогорку билим берүү тутумун реформалоо талкууланды. Министрдин маалыматы боюнча, жаңы 2013-2014-жылда республиканын жалпы орто билим берүү тутумунда 1 миллион окуучуну камтыган 2204 жалпы билим берүүчү мектеп, ошондой эле 115 812 баланы камтыган 819 мектепке чейинки уюм иштейт. Үстүбүздөгү жылы 1-сентябрга карата 15 билим берүү имараты пайдаланууга берилсе, ал эми 2013-жылдын аягына чейин дагы 29 объектти пайдаланууга берүү пландаштырылууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: