Аба ырайы тууралуу маалымат. 18-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жамгыр, кар жаашы күтүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-мартка чейинки аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.
15-мартта түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
15-16-17-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.
18-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
19-мартта түнкүсүн айрым райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 19-20-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.



