АФК Кубогу 2020: Бахтияр Дүйшөбековдун командасы "ТК Спорт Клуб" командасын ири эсепте жеңип алды




Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбековдун "Башундара Кингс" командасы АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогундагы алгачкы жүрүшүн ири эсепте жеңиш менен баштады.
Бахтияр Дүйшөбековдун командасы АФК Кубогунун Е тайпасында Мальдив аралдарынын "ТК Спорт Клуб" командасын өз үйүндө кабыл алган. Беттеш 5:1 эсебинде "Башундара Кингс" командасынын жеңиши менен аяктады. "Ак шумкарлардын" жарым коргоочусу бул беттешке негизги курамда чыгып, алмашуусуз оюн жүргүзгөн.
Эске салсак, Бахтияр Дүйшөбеков "Башундара Кингс" командасында 2018-жылдан бери ойноп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.