УЕФА: Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасы убактылуу токтотулду



УЕФА уюму футбол боюнча Европадагы эң ири болгон Чемпиондор Лигасын жана Европа Лигасын коронавирус оорусу тарап жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтотту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 17-18-март күндөрү боло турган Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жооптук беттештер, 19-мартка пландалган Европа Лигасындагы оюндар жана Италия, Испания, Франция, Португалия өлкөлөрүнүн ички чемпиондуктары коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулду.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө коронавирусту 134 миң 700 киши жуктурса, 4 миң 973 адам бул оорудан каза болгон. Коронавирус жуктургандардын саны саат сайын өсүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.