super.kg logo

"Ухан вирусу": 142 миңден ашуун жаран жабыркап, каза болгондор 5 миңден ашты

 

Сүрөттөгү адамдын кабарга тиешеси жок. Иллюстрация.

Кытайда 14-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 81 миң 21 адам жабыркаса, 51 миң 553 жаран сакайып, 3 миң 194 адам каза болду.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 142 миң 539 адам жабыркап жатса, каза болгондор 5 миң 393кө жетти. Ал эми айыккандардын саны 70 миң 296 адамды түзөт.

Италияда жуктуруп алгандар - 17 660, каза болгондор - 1 266, сакайгандар - 1 439. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда.

Иранда жуктургандар - 11 364, каза болгондор - 514. Вирустан 2 959 жаран сакайган. Ал эми Түштүк Кореяда 8 миң 86 адам жабыркап, 72 жаран каза болгон, 510 жаран сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: