super.kg logo

Казакстанда 4 жаран коронавирус менен жабыркаганы аныкталды. Дагы бир казак жаран Германияда экени айтылууда

 

13-мартта Казакстанда коронавирус менен жабыркагандар катталып, 4 жаран карантинде экендиги кабарланган. Бүгүн, 14-мартта саат 11:00гө карата коронавирус менен жабыркаган жаңы факты каттала элек.

Сүрөттөгү адамдардын кабарга тиешеси жок. Иллюстрация.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, коронавирус менен жабыркаган алгачкы жаран 9-мартта Германиядан Алматыга келген. Ал 1974-жылы туулган Казак жараны. Ал эркек киши менен кошо учакта 73 жүргүнчү болгон. Учурда бардык жүргүнчүлөрдүн жүргөн жерин аныктап, карантинге алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Коронавирус менен жабыркаган экинчи Казак жараны 12-мартта Германиядан Алматыга келген. Ал 1984-жылы туулган аял экендиги такталган. Аны менен кошо учакта 12 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү дароо карантинге алынган.

Үчүнчү жабырлануучу Италиянын Милан шаарынан 12-мартта транзит менен, тагыраагы, Италиядан Москвага, Москвадан Нур-Султанга келген. Өлкөгө келгенде коронавирус аныкталган Казак жараны (аял киши) менен учакта Казакстандын 37 жараны, 42 Орус жараны жана башка өлкөлөрдүн 11 жараны болгон. Баары карантинге алынды.

Коронавирус менен жабыркаган Казакстандагы төртүнчү факты 13-мартта аныкталды. Ал 1976-жылы туулган Алматы шаарынын тургуну, жарандыгы казак экени белгилүү болду. Вирусту жуктуруп алган жаран 13-мартта Германиядан келген.

Мындан тышкары Германиядагы казак дипломатынын атасы дагы коронавирус жуктуруп алгандыгын Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен. "Казакстандын Германиядагы элчилигинде иштеген кызматкердин ата-энеси Европа өлкөлөрүнүн биринде эс алып келишкен. Бир нече күндөн кийин кызматкердин атасында коронавирустун белгилери аныкталып, ооруканага жаткырылган. Учурда коронавирус жуктуруп алган жаран Германияда", - деп айтылат маалыматта.

12-мартта Казакстанда бир катар коомдук жайлар убактылуу жабылып, 15-марттан тарта колледждер жана жогорку окуу жайлар онлайн окууга өтөрү маалымдалган.

Буга чейин Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин коронавирус 11-16-март аралыгында Казакстанда катталышы мүмкүн деп билдирген эле. Бул билдирүүдөн кийин Елжан Биртанов "Башкы санитардык дарыгердин айтканы статистикалык моделдөө аркылуу жасалган божомол гана" деп жооткоткон комментарий берген болчу.

Алматы шаары менен Бишкек шаарынын аралыгы 240 чакырым аралыкты түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.03.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын
14.03.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Германиядан келген депутаттар точно "ТАЗАБЫ?"????
14.03.2020. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pchelka85,өлүп баратышкансыбай эле, ушундай ситуацияда тынч эле туруп турушпайбы. Бул оору бай кедейиңе карабайт. Ошол депутаттарды өң кадырлап үй карантинине дебей эле, общий изоляторго кармашса болмок, алар дагы канча кишилер менен контакта болуп атышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: