super.kg logo

Казакстанга жеткен коронавирус Кыргыз өлкөсүнө таасирин тийгизип жатабы? Бишкекте азык-түлүккө болгон баа кымбаттады (репортаж)

 

Буга чейин коронавирус оорусунан улам коңшу Өзбекстан менен Тажикстанда азык-түлүккө болгон баа кымбаттап кеткени кабарланган эле. Коронавирус кечээ, 13-мартта коңшу Казакстанда биринчи жолу катталды. Вирустун коңшу өлкөгө келгендигине байланыштуу Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүккө болгон баа жогорулап жатат деген билдирүүлөрдөн улам SUPER.KG порталы Бишкек шаарындагы "Азиз" базарына (Махатма Ганди бульвары, 201) барып, сурамжылоо жүргүзүп келди.

Алгач эле барганда бул базар тараптагы машиналардын көптүгүн көрдүк. Айдоочулар буга чейин мындай тыгын болбогондугун, бүгүн гана эл көп болуп жаткандыгын айтышты.

Сатуучулар кардарларды тейлегенге жетишпей жаткандыгын айтышып, комментарий берүүдөн баш тартышты. Бул базарга дайыма келип жүргөн сатып алуучу Куштарали уулу Тариель буга чейин мындай ажиотаж болбогонун айтып буларга токтолду: "Өзүм "Дордой" базарында чекене баада азык-түлүк саткан дүкөн иштетем. Коронавирус Казакстанда катталды дегенин угуп, биз дагы азык-түлүк алып жатабыз. Кудай сактасын! Товарлар кымбаттайт дегенди угуп, элдин баары азык-түлүк алып даярданып жатышат. Бүгүн базарда киши аябай көп, унаалар батпай турат. Буга чейин мындай болчу эмес. Элдер көбүнчө ун, кумшекер, күрүч, май, туз алышууда. Ун Казакстандан чыкпай калгандыгына байланыштуу тартыш болуп жатат. Унга күндөн-күнгө 50-100 сомдон кошулууда. Бир апта мурда эле бир кап ун 1 миң 250 сом болсо, азыр 1 миң 600 сомго чыгып кетти. Кумшекердин кабын 1 миң 500 сомдон алсак, азыр 2 миң сомго чыгып кетиптир".

Ал эми өзүн Бердигулов Алмаз деп тааныштырган сатып алуучу дүкөн иштетерин айтып буларга токтолду. "Мен азык-түлүктү бул жактан алып кетип, чекене жана дүң баада сатам. Дүкөнүмдө азык-түлүк калбай калгандыгы үчүн келдим. Мурун базарга эки аптада бир келчүмүн. Азыр күндө келип жатам. Мурун киши мындай көп болчу эмес. Унга күнүнө 50 сомдон кошулуп, кымбаттап жатат. Эртең дагы кымбатташы мүмкүн. Азыр мен элге эмне керек болсо бүт алып кетип жатам. Эл ушул вирустун айынан дүрбөлөңгө түшүп, азык-тулүк алып жатышат".

Өткөн аптада SUPER.KG порталы Бишкектеги "Ош базарына" барып, азык-түлүк боюнча сурамжылоо жүргүзүп келген. Аталган базардын сатуучулары кытайдан келген айрым азык-түлүктөр гана бир аз кымбаттаганын, калган азык-түлүктөр мурунку эле баасында сатылып жатканын билдиришкен болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.03.2020. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Супер инфо рахмаат. Биздин өкмөт бааларды жөнгө салбай эмне кылып жатат! Элдин артына жашынып вирустан коркуп жүрөбү? Дайыны жок!
Samatalibei түзөттү 2020-03-14 14:28:16
14.03.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Казахстага жондон жон келген жок COVID-19 скоро Дарига президент болсо тан калуунун скажет жок это политика
14.03.2020. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушул убактан пайдаланып бааны которгон акмактарды баарын камаш керек эл душманы деп
14.03.2020. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өкмөт деген көзөмөл кылыш керек да мынтип ач көздөнүп талашып учурдан пайдаланып отурсак Вирустар эмес ачкадан өлөбүзгө!
14.03.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коронавирус эс алды бул жакта унвирус башталганда....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: