Роналдиньо абакта өткөн футбол боюнча турнирдин жеңүүчүсү болуп, 16 килограммдык чочко утуп алды



Бразилия курамасынын жана "Барселона" футболдук клубунун мурунку оюнчусу Роналдиньо абакта уюштурулган футбол боюнча турнирде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Чечүүчү беттеште Роналдиньо 5 гол жаратып, 6 жолу голдук пас чыгарып берген. Жыйынтыгында 11:2 эсебинде Роналдиньонун командасы жеңүүчү аталып, 16 килограммдык чочкону утуп алышкан.
Буга чейин, Роналдиньо жана анын тууганы жасалма паспорт колдонгон деген шек менен Парагвай мамлекетинен кармалганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Баракелде Роналдиньо