super.kg logo

Бишкекте 65 жаштагы Жанбүбү Малаева дайынсыз болуп изделүүдө

 

Бишкекте 65 жаштагы Жанбүбү Малаева дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 12-мартта саат 16:15те Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес деп билдиришти Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан.

Свердлов РИИБине шаар тургуну кайрылып, апасын табууга жардам көрсөтүүнү суранган. Бул факты боюнча издөө иштери башталды. Учурда изделип жаткан жарандын жүргөн жери дагы деле аныктала элек.

Жанбүбү Малаеванын бою 145-150 сантиметр, арык, чачтары кара. Үйүнөн чыгып кеткен күнү кийип жүргөн кийимдери: кызыл түстөгү көйнөк, ак чыптама, бутунда кызыл түстөгү бут кийим болгон.

Өзгөчө белгилери: эс-тутумун жоготуп коюу өнөкөтү бар. Кимде ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билсе, төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(553) 102-387, 0(703) 222-622, 0(702) 498-888, 0(772) 847-336 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий табылып калсын эми ( Буйруса)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: