super.kg logo

"Ухан вирусу": 150 миңден ашуун жаран жабыркап, 6 миңге чукул адам каза болду

 

Сүрөттөгү адамдын кабарга тиешеси жок. Иллюстрация.

Кытайда 15-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 81 миң 48 адам жабыркаса, 65 миңден ашуун жаран (Хубэйде 54 миң 278 жаран) сакайып, 3 миң 204 адам каза болду.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 153 миң 517 адам жабыркап жатса, каза болгондор 5 миң 735ке жетти. Ал эми айыккандардын саны 73 миң 966 адамды түзөт.

Италияда жуктуруп алгандар - 21 157, каза болгондор - 1 441, сакайгандар - 1 966. Бул көрсөткүч менен Италия дагы деле вирустун экинчи очогу бойдон калууда.

Иранда жуктургандар - 12 729, каза болгондор - 611. Вирустан 2 959 жаран сакайган. Ал эми Түштүк Кореяда 8 миң 162 адам жабыркап, башка күндөргө салыштырмалуу эң аз көрсөткүчтү түздү. 75 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: