super.kg logo

Коронавирус кары-картаңды басып жыгылабы? Аталган илдеттен каза болгондордун басымдуу бөлүгү - 60 жаштан улуу адамдар

 

Инфекциялык ооруларга каршы аракет көрүү боюнча Кытайдагы борбору 11-февралга карата статистиканы эсепке алуу менен, анын негизинде коронавирус менен жабыркагандардын картинасын түзүп чыкты.

Ага ылайык, коронавирус эң көп улуу курактагы адамдарга кооптуу. Оорунун күчөп кетүүсү жана илдеттен улам каза болуу тобокели инфекцияны жуктуруп алган адамдын жашына жараша жогорулайт. Ошол эле учурда вирусту балдар да, жаштар да жайылта алышат. Жуктуруп алгандарда оорунун симптомдору өнүкпөй деле калышы мүмкүн, бирок алар баары бир улуу жаштагы туугандарына коркунуч жарата алышат.

Бул маалымат топтомуна коронавирус аныкталган гана учурлар киргизилген.

Коронавирустан каза болгондордун жаш курагы:

1. 0-9 жаштагылар - 0 пайыз
2. 10-19 жаштагылар - 0,2 пайыз
3. 20-29 жаштагылар - 0,2 пайыз
4. 30-39 жаштагылар - 0,2 пайыз
5. 40-49 жаштагылар - 0,4 пайыз
6. 50-59 жаштагылар - 1,3 пайыз
7. 60-69 жаштагылар - 3,6 пайыз
8. 70-79 жаштагылар - 8 пайыз
9. 80+ жаштагылар - 14,8 пайыз






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.03.2020. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул себептен, Германияда кары тууган туушкандарга жолукпай тургула, карылар үйлөрүнө барбагыла деген талаптар коюлду. Жаштар жана дени сактар вирусту жугузуп алса, алардын көпчүлүгүндө женилирээк өтөт экен ооруу. А карылар же вируска чейин башка дем алуу органдары же жүрөк оорулары барларда оор болушу мүмкүн экен.
Баарыңарга ден соолук!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: