super.kg logo

Түштүк Кореяда коронавирусту аныктоочу тесттер эң бат жана бекер

 

Түштүк Кореяда коронавирусту аныктоочу борборлордо тест жүргүзүү 10 мүнөткө жетпеген убакытты алат жана ал бекер. Төлөм жагын өкмөт колго алган. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик NPR радиостанциясы айтып чыкты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө тесттин топтомдорун 4-5 компания чыгарып жатат. Түштүк Кореянын бийлиги бардык өлкөлөрдөн алдыга озуп чыгып, калкына бекер тест жүргүзүүдө. Тесттен өтүү акысыз жана аз убакыт алганы үчүн жуктуруп алгандарды жана анын тегерегиндеги адамдарды аныктоо оңой болууда.

АКШнын CNN телеканалы да Түштүк Кореянын коронавируска каршы күрөшү тууралуу макала даярдап, анда аталган өлкөдө бул илдет катталганга чейин эле биотехнологиялык компаниялар тест топтомунун үстүнөн иштей баштаганын жазат. Учурда Түштүк Кореяда 118 медициналык мекеме коронавирусту аныктоо боюнча тест жүргүзө алат жана ушул күнгө дейре 230 миңден ашуун адам текшерилген.

15-март саат 21:00гө карата Түштүк Кореяда 8 миң 86 адамдан коронавирус катталган, 72 адам каза болгон, 510 адам сакайган. Февраль айынын соңунда Түштүк Корея Кытайдан кийинки эле коркунучтуу илдеттин дүйнөдөгү экинчи ири очогуна айланган эле. Азыркы тапта вирус катталгандардын саны боюнча төртүнчү орунда, каза болгондордун саны боюнча тизмеде алтынчы катарда.

Кыргыз өлкөсүнө келсек, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 13-мартта маалымат жыйындын жүрүшүндө 1 миң 545 адам коронавируска текшерүүдөн өткөнүн, анын баарынын анализи таза чыкканын билдирген. Тесттер коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга карата гана жүргүзүлүүдө. Учурда Кыргыз өлкөсүндө коронавирусту аныктоочу 10 миңдей тест-систем бар.

"Тесттерди ооруканаларда жүргүзүүгө болбойт, себеби аны бардык лабораториялар жасай албайт. Бизде коронавирусту аныктоочу эки лаборатория бар, бири Бишкекте, экинчиси Ошто. Тест-системдердин эффективдүүлүгү 95-99 пайызды түзөт жана вирус ПЦР-анализдин ыкмасы менен инкубациялык мезгилде аныкталат. Тесттерди жүргүзүү даярдыгын саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун эксперти текшерген. Диагностиканын узактыгы орточо 5 саатты түзөт. Бир лаборатория күнүнө 150 изилдөө жүргүзө алат" деген маалымат айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
16.03.2020. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Космосбек Чолпонбаев саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси катары сиз керт башыныз менен жооптусуз.
Кунуно Бишкекте 150 адам,
Ошто 150 адамды гана текшерип анализдерине жыйынтык чыгара алабыз деп кантип уялбай жооп бердиниз.
Сизге адамдардын саламаттыгы,омуру эмес жеке министрлик кресло гана кызыктырат экен.
16.03.2020. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adil18,
Космосбек мырза эмнеге шымын булгаган баладай турасыз.
Сиз коопсуздук учун баарын жасаганга аракет кылуунуз керек болчу.
Президент,премьер министр,ЖКнын депутаты,каржы министрине каржы жактан жардам сурадым коронавируска каршы туруу жана алдын алуу учун.
Эч кандай жооп болбоду.
Аргасыздан элиме кайрылуу жасап жатамын.
16.03.2020. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул врач сабатсыз
16.03.2020. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламаттыкты сактоо тармагына акча болунбогондон кийин мен мындан кийинки жоопкерчиликти мойнума ала албайм деп кайрылууда айтышы керек болчу.
Эми керт башыныз менен жооп бересиз убагында керектуу жабдыктарды албаганыныз учун.
Коронавирус таркап жатат Космосбек мырза 2 айдан кийин айтып жатат бизде кунуно 300 адамды гана текшерип жыйынтыгын чыгарабыз деп.
16.03.2020. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Космосбек мырза сизге эмне деп айтаарымды билбей турамын.
Ушундай учурда сиз акылдуулук менен чек ара кызматы менен биргеликте олкобузго кирип жаткан откормо бекеттерде 5тен аз эмес кызматкерлеринизди дайындап,айырмасы жок кайсы мамлекеттен келсе дагы (жада калса сен озун 5 саатка чек арадан отуп,кайра келсен сени дагы текшерууго алышы керек) текшерип же 14 кунго карантинге алынышы керек болчу.Элге аралаштырбай 14 кун.
Кыргызстандын жарандары гана кирууго уруксат деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: