super.kg logo

Германия, Испания жана Франциянын жарандарына Кыргыз өлкөсүнө кирүүгө убактылуу тыюу салынды

 

Коронавирусту алдын алуу максатында Германия, Испания жана Франциянын жарандарына Кыргыз мамлекетинин аймагына кирүүсүнө убактылуу тыюу салынды.

Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине толуктоо киргизилип, жогоруда аталган 3 өлкөнүн жарандарын республиканын аймагына убактылуу киргизбөө тууралуу чектөө 14-марттан баштап күчүнө кирди.

"Кытайдын, Түштүк Кореянын, Италиянын, Ирандын, Германиянын, Франциянын жана Испаниянын жарандарына өлкө аймагына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Ошондой эле акыркы 30 күн аралыгында аталган өлкөлөрдө болгон Кыргыз жарандары милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинге алынат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин коронавирус аныкталган өлкөлөрдөн келгендерди карантинге алуунун тизмеси түзүлгөн.

Биринчи категорияга кирген өлкөлөр - Кытай, Түштүк Корея, Италия, Франция, Испания, Германия.

Экинчи категорияга кирген өлкөлөр - Улуу Британия, Япония, Бельгия, Нидерланды, АКШ жана Сингапур.

Үчүнчү категорияга кирген өлкөлөр - Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Швейцария, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана Бириккен Араб Эмираттары.

Биринчи категориядагы мамлекеттерден келген Кыргыз жарандары милдеттүү түрдө карантинге алынат. Экинчи жана үчүнчү категорияга кирген өлкөлөрдөн келген жарандар үй шартындагы карантинге алынып, күн сайын медициналык кароодон өтүп турушат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы өлкөлөрдүн тизмеси эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу толукталып же өзгөрүлүп турарын эскертет.

Обсервацияга төмөнкү жарандар алынбайт (клиникалык белгилери байкалган учурдан тышкары):

  • Жогоруда аталган өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү, кызматкерлери;
  • Расмий делегациянын мүчөлөрү;
  • Аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлери.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.03.2020. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурдатан киргизбеш керек эле.Кытайдын баары келип бутту майрамынан кийин.Жол жабык деп коюшуп эле акчасын алып киргизип салышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: