super.kg logo

Казакстанда сутка ичинде дагы 2 жаран коронавирус менен жабыркаганы аныкталды

 

Бүгүн, 15-мартка карата Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 8ге жетти. Коңшу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов сутка ичинде 2 жарандын коронавирус менен жабыркаганы аныкталды деп билдирет.

"Бүгүн эртең менен 1955-жылы туулган аялдын коронавирус менен жабыркаганы аныкталды. Учурда ал Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканада. Буга чейин бейтаптын жолдошу коронавирус аныкталган жаран менен байланышта болгон делинип, карантинге алынган. Учурда бейтаптын жакындарынын баары карантинге алынып, текшерүүдөн өтүштү. Алардан коронавирус аныкталган жок.

Вирусту жуктуруп алган экинчи бейтап 1995-жылы туулган эркек киши экени белгилүү болду. Ал Сеул-Алматы каттамы менен келген. Аны менен чогуу келгендер инфекциялык ооруканага жеткирилди. Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда 8 жаран жабыркап жатат", - деди министр.

13-мартта Казакстанда коронавирус менен жабыркагандар катталып, 4 жаран карантинде экендиги кабарланган.
14-мартта коронавирус дагы 2 жарандан аныкталып, бейтаптардын саны 6га жеткен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым сактасын
15.03.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла сактасын
15.03.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул чет өлкөдөн атайын эле жугузат окшойт деп ойлоп калдым неге миллиондогон адамдардан 1 эле адамга жугат ал да болсо биз жакка карап учкандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: